“Ата-Мекендин” депутаттарынын баарына прокурорлор 8 жылдан эркинен ажыратуу мөөнөтүн үстүртөн белгилетип алгандай элес калтырып жатат. Алмамбет Шыкмаматовду дагы авто унаасын миң долларга кымбат саткан деген айып тагып, 8 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөө, үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматка келишине 3 жылга тыюу салуу керек деген өтүнүч келтирди. Бул Шыкмаматовду эмес, Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн, укуктук мамлекет экенибизге сокку уруп, шылдың кылгандык го. Шыкмаматов миң доллар мамлекетке зыян келтирсе, КСДПда миллиондогон сомдорду солоп койгондор неге 8 жылга кесилбейт? Акыйкаттык үчүн аларды деле карап коюшса ашыкча болбойт эле го. Шыкмаматовду сындырабыз деп атып бүтүндөй системанын тамырына балта чаап жатканын сезбей жатты бекен? Бул көрүнүш улана берсе аягы жакшылыкка алып барбайт. Келме кезек деген бар эле. Ушул чыйыр менен кете берсе, кийин азыркыларга оор күн туш болуп калат.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ