Катуу шамал Согди облусунда үйлөрдүн чатырларын талкалап, электр линияларын үздү. Шаршембиге караган түнү Худжанд шаары жана анын айланасындагы райондор электр кубаты жок калды, стационардык телефон байланышы дагы иштебей турат.
“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, катуу шамалдын айынан суу менен камсыздоо системалары дагы аварияга учурады.
Шамал Худжанд борборундагы 16 метрлик жаңы жылдык балатыны кулатты, үйлөрдүн жана дүкөндөрдүн терезелери сынды.
Бүгүн, 27-декабрда Худжанддын айрым билим берүү мекемелери каникул жарыялоого аргасыз болду.
Бийлик адистер электр линияларын оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Материалдык чыгымдар эсептеле элек, курмандыктар тууралуу маалыматтар түшкөн жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ