Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо, улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берди.

Улуттук банктын төрагасы ошондой эле каржылык жөнгө салгычтын дүйнөлүк банк практикасына шайкеш келген, банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыздоо үчүн мыйзам негиздерин бекемдөөгө багытталган жаңы мыйзамдардын ченемдеринин күчүнө киришин эске алуу менен мындан аркы иш пландарын айтып берди.

«Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервдери 2 млрд 182 млн долларды түзөт жана келечекке ишенимдүү кароого мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн каржылык-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү аракетинин, улуттук валютанын туруктуулугун колдоонун маанисин белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы банк инфраструктурасын өнүктүрүү, банкоматтардын жана аймактарда ПОС-терминалдардын санын көбөйтүү жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу маселелерин Улуттук банктын жана жалпы банк системасынын артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.

Ошондой эле пайыздык  чендерди төмөндөтүү, экономикада доллардын колдонулушун чектөө, калкты узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо боюнча мындан аркы иштерди улантуу маселелери дагы  талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: