Menu

Тажикстанда калктын кирешеси бир жылда 10% жогорулады

Бөлүшүү:

Тажикстан калкынын кирешеси бир жылда 10% жогорулады. Бул тууралуу социалдык кепилдендирүү жана пенсия агенттигинин директору Сафарали Наджмиддинов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы жан башына карата ички дүң өнүмдүн көлөмү өткөн жылдарга карата 12% жогорулаган.

Бирок Наджмиддинов бул көрсөткүч кандай ыкма менен эсептелип чыкканын түшүндүргөн жок. Анын билдиришинче, экономиканын өнүгүшүнүн реалдуу темпи 7%, ички дүң өнүм – 60 млрд сомонини түзгөн.

Талдоочулар эмгек мигранттары которгон акчалардын көбөйүшү калктын кирешесинин өсүшүнө шарт түзгөн деп эсептешүүдө. Расмий статистикалык маалыматтар боюнча 2017-жылы Тажикстанга акча которуу 18% көбөйгөн.

Бул арада эл аралык уюмдар тажик калкынын кирешеси азайганын билдиришүүдө. Былтыр Дүйнөлүк Банк тажикстандыктардын 13% өтө жакыр жашай турганын, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч өзгөрбөгөнүн жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: