Menu

Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырган Кашкар Жунушалиев коомчулукка дагы жек көрүндү

Бөлүшүү:

Москвада дарыланып жаткан полковник Самат Курманкуловго ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барып, «Эрдик» медалын тапшырды. Дээрлик коомчулукта кызуу талкуу жаралып, басымдуу көпчүлүгү министрди сынга алышууда. Адамдын ден соолугу, өмүрү эч бир сыйлыкка татыбайт эй. Таңгаласың. Самат мырзанын ошол оор абалын видеого, сүрөткө тарттырып, медаль тапшырууну шоуга айландыруу керек беле? Бул жагы да чоң катачылык болду. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» дегендей эле жорук эмеспи?.. Эске салсак, Кой-Таштагы (7-августтагы) операцияда Кашкар Жунушалиевдин катачылыгы болгону, Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкуловду даярдыксыз жөнөткөнү, өзү баштап барбаганы көп суроолорду жаратып атат го? Ар кандай кооптуу кагылыштарда министр эң оболу өздүк курамдын коопсуздугуна кам көрүүнү биринчи планга коюш керек эле. Тилекке каршы, бу жерде Жунушалиевдин шалаакылыгы, сабатсыздыгы орун алганын атайын эксперттер, адистер айтып келатканына эмнеге көңүл бурбайбыз?

Жоопкерчилиги каралып, адилеттүү баа берилбегенине көпчүлүк нааразы болуп атканы кашкайган чындык! Натыйжада, гүлгүндөй болгон 42 жаштагы Самат Курманкулов ден соолугунан ажырап, майып болуп калды. Адам тагдырынын астында кызмат, наам түккө арзыбайт да!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: