Бишкек шаардык сотунда болчу Аида Салянованын ишин кароо болгон жок. Салянованын ооруп, дарыланып жатканына байланыштуу, соттук процесске келбегенин депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Ишти караган судья Ирина Воронцова Салянованын абалы тууралуу ал жаткан ооруканадан маалымат алынаарын айтты. Буга чейин Бишкек шаардык соту “Аида Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатышы керек” деген дарыгерлердин бүтүмүнө ишенбей, өз алдынча иликтөө жүргүзгөн. Комиссия анын ооруп жатканын ырастаган. Эл өкүлүнө “жүрөк кемтигинен жабыркайт” деген диагноз былтыр декабрдын этегинде коюлган. Ошондон бери ал соттук териштирүүлөргө келе элек.
Эске сала кетсек, Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Салянованы 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөсүн деген чечим чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ