Ноокен районунда белгисиз адамдар өздөрүн “электрикпиз!” деп тааныштырып, чоочун үйгө киришип, ири өлчөмдөгү акчаны жана алтын буюмдарын уурдап кетишти. Маалыматка караганда, эшикти келгендерге 22 жаштагы айым ачкан. Шумпайлар айымды таңып, курал менен коркутуп, андан кымбат баалуу буюмдарды жана акча талап кылышкан. Анан сейфти таап, өздөрү менен кошо ала кетишкен. Айтымда анда ири өлчөмдөгү акча, алтын буюмдар жана документтер катылган. Жалпы чыгым бир миллион сомду чапчыды. Эки күндөн кийин гана сейфти Бишкек-Ош автоунаа жолунан табышкан. А 27-январда мурда киши өлтүрүү үчүн соттолушкан 1990-жылы туулган Э.уулу М. жана 1989-жылы туулган О.М. кармалышты. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экен. Мурда дагы ушундай жоруктар менен алектенишчү экен. Азыр бул кылмыштын башка катышуучуларына дагы издөө жарыяланды.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ