Menu

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды

Бөлүшүү:

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июлда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымы боюнча, 11 күндөн бери ооруп жаткан, учурда абалы жакшырып баратат.

Чыңгыз Айдарбеков ушул кыйын мезгилде элдин тилектештигин, гумандуулугун жана өз ара камкордугун белгиледи.

“Ушул оор мезгилде биздин команда бир мүнөткө токтобой иштеп, колдо бар ресурстарды колдонуп мекендештерибизге жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Өкүнүчтүүсү, жардам дайыма эле өз убагында берилбейт, биз колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз” – дейт министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: