Кыргыз боз үйү Катар Мамлекетинин Доха шаарында ѳтүп жаткан Биринчи эл аралык куш салуу жана аңчылык кѳргѳзмѳсүнүн эң чоң кызыгуу туудурган экспонаты болду. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кѳргѳзмѳ «Катара» маданий борбору жана катарлык куш салуучуларынын «Аль-Ганнас» уюму тарабынан уюштурулуп, Катар, Кувейт, Пакистан, Германия, Испания жана башка бир катар ѳлкѳлѳр катышууда. Анын негизги максаты – куш салуу салтын жайылтуу, мергенчилик буюмдарын жана шаймандарын тартууло, жаңы технологияларды жана жабдууларды көрсөтүү, аңчылыктын ыкмалары менен кеңири калкты тааныштыруу.
Кыргыз Республикасы бул эл аралык кѳргѳзмѳгѳ конок катары катышып, атайын Бишкектен жасалгалары менен алынып келинген улуттук боз үйү тигилди. Бул иш-аракеттин негизги максаты – араб калкын кыргыз элинин тарыхы, маданияты, үрп-адаттары менен тааныштыруу жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктѳрү тууралу араб ѳлкѳлѳрүндѳ маалымат таркатуу. Боз үйгѳ келген конокторду Катарда жашаган кыргыз мекендештер улуттук кийим кийип, боорсок жана бал менен тосуп алышып, комуз, ооз комуз жана чопо чоордо ойноо чеберчилигин тартуулашууда. Мындан тышкары, кыргыз жаачылары ѳз ѳнѳрлѳрү менен бѳлүшүп, боз үйдѳ кыргыз эли-жери жѳнүндѳ араб тилиндеги кинотасма кѳрсѳтүлүүдѳ.
Кѳргѳзмѳнүн биринчи эле күнү кыргыз боз үйүнѳ жүздѳгѳн коноктор келишип, анын коздугуна жана жасалгаларына суктанышып, улуттук кийимдерди жактырышып, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ кызыгып жатышты. Кѳргѳзмѳ 24-сентябрга чейин уланмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ