Казакстандык үч адвокат – Асел Токаева, Сергей Сизинцев жана Данияр Канафин Варшавада “Адвокаттык ишмердүүлүк жана юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышты. Польшанын борборунда ЕККУнун адам укуктары боюнча конференциясы өтүүдө.
Казакстандык жактоочулар “Адвокаттык ишмердүүлүк жана юридикалык жардам жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору адвокаттардын эркиндигин чектеп, каржылык көз карандысыздыктарына доо кетирет деп түйшөлүшүүдө.
– Адвокаттар кардарларынын мүдөөсүн коргоп, жигердүүлүгүн, принципиалдуулугун көрсөтсө, сот жеке токтом кабыл алуу менен опузалашат. Кылмыш жообуна тартылуудан же адвокаттык лицензиясынан ажырап калуудан корккон адвокаттар өз иштерин сапаттуу жүргүзө алышпайт,– деди Асел Токаева.
Быйыл Асел Токаева менен анын эки кесиптешинин үстүнөн “сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда кедерги келтиргени үчүн” кылмыш иши козголгон. Адвокаттар болсо кардарларынын кызыкчылыктарын коргошконун айтышкан. Сот иши президент Нурсултан Назарбаевдин жээни Айсултан Назарбаевге байланыштуу болгон.
Варшавада жактоочулар 14-октябрда Астанада Казакстан адвокаттарынын съездин өткөрүүнү пландап жатканын маалымдашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ