Кочкор-Ата шаарынын 80 жаштагы тургуну Тажикан апанын жакындары анын өз уулу тарабынан зордук-зомбулукка кабылганын айтып, милицияга кабарлашкан. Алардын айтымында, 44 жаштагы Рустам өз энесине кез-кезде кол көтөрүп турат.
«Тажикан апа арыз жазуудан баш тартты. Ал эми уулу Рустам башка мындай кадамга барбасын убадалаганы менен энесинен кечирим сураган жок. Мындан ары эмне кылышты билбей турабыз» дешет туугандары.
Булак: «Азия Ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ