Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташыган унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Эми кечки саат бештен кийин чоң машиналар таптакыр жолго чыга алышпайт. Буга жыл башынан эле май ташыган унаалардын кырсыкка көп кабылышы себепкер.
– Оор жүк ташуучу унаалардын максималдуу салмагы 44 тоннадан ашпашы абзел! Нормадан ашып кеткен унааларга административдик айып пул дагы салынат. Айып пулдун өлчөмү кеминде 10 миң сом. Мындан тышкары жолго келтирген зыян- залакалардын өлчөмдөрүн дагы кошо төлөшөт,- деди транспорт министрлигинин кызматкери Арсланбек Касымалы уулу. Айтмакчы, былтыр Кыргызстанда 6346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге жогору. Мындан сырткары ар кандай жаракаттарды алып, майып болгондордун саны дагы өтө эле арбын. Көпчүлүк кырсык жүргүнчү ташыган жети кишилик кичинекей унаалардын катышуусунда абдан көп катталууда.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ