Menu

Президент менен жолугушуудан кийинки журналисттердин ойлору

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ишке киришкенинин 100 күндүгүндө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда президент коррупция менен күрөшүүдө маалымат каражаттарына таяна тургандыгын да жашырган жок. Жолугушууга катышкан журналисттердин айрымдарынан жолугушуу кандай маанайда өткөнү тууралуу ой-пикирин билдик.

Дыйканбек Керимбаев, “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору: «Президенттик мөөнөттү аяктагандан соң эл арасында башымды көтөрүп басып жүргүм келет деди»

— Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу айткан катуу билдирүүсүнүн тегерегинде, журналисттердин суроолору да ошого тиешелүү болду. Сооронбай Шарипович коррупцияга каршы күрөш улантыла тургандыгын, жөн гана улантылбастан күчөтүлө тургандыгын, коррупция менен күрөшө турган органдардын өзүнүн ичинде коррупцияны жоюу бул биринчиден талапка ылайык экендигин билдирди. Андан сырткары журналисттер экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурда мамилеси кандай экендигине кызыгышты. Буга жооп катары экөөнүн ортосундагы достук мамиле 1995-жылдан бери келе жатканын, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери саясатта болобу же жеке достук мамиледе болобу бекем болуп келе жатышканын айтты. Мындан ары деле ошондой мамиле сакталарын, эч кандай терең каршылашып кеткенге эч кандай жол берилбей турганын, андайга жол бербөөгө экөөнүн тең тажрыйбасы жетиштүү экендигин билдирди. Бул биздин мамлекеттин стабилдүүлүгү, мамлекеттин келечеги үчүн жакшы көрүнүш деп эсептейм. Каршылашуудан, чатакташуудан, жаңжалдашуудан эч кандай майнап чыкпай турганын буга чейин көрдүк. Тилектеш, максатташ болуп, бир багытты көздөп иштешсе, бири-бирине кол кабыш кылса, жакшы натыйжа, ийгилик жаралат деп ишенем. Андан сырткары массалык маалымат каражаттарында айтылып жана жазылып келе жаткан президенттин бир туугандары анын ишине кийлигишет, мурдагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу орноп калышы мүмкүн деген маалыматтар жазылып жатат, ушуларга да жооп кылып коёюн деп, айтып кетти. Учурда агасы Украинада элчи. Ал экс-президенттин убагында эле шайланган. Мурунтан эле кызматта келе жатканын, губернатор болгонун, ага чейин эле мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп келгенин айтып өттү. Асылбек Жээнбековдун дагы саясатка мурдатан аралашып келе жатканын, депутат, спикер болгонун, алар кандайдыр бир кызматтарды менден сурай турган деле жагдайда эмес деди. “Мен мурунку эки президенттин тагдырын билем, аларды көргөм, алардын тагдырын кайталагым келбейт. Кудай буйруса алты жылдан кийин президенттик мөөнөттү аяктагандан соң эл арасында башымды көтөрүп басып жүргүм келет” деди. Бул мурунтан айтып келе жаткан убадалары дагы деле күчүндө экендигин, ал эч кандай авторитардык режимди орнотпой тургандыгын, андай максаты жок экендигин далилдеп турат.

Президентибиздин иштеп жатканына жүз күндөн эле ашты да. Азырынча коомчулук жана журналисттер тарабынан аябай деле көп суроолор жарала элек деп ойлойм. Анткени кандайдыр бир деңгээлде жок дегенде жарым жыл убакыт өтүш керек. Президент “ММК өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажмын” деди. Демек колдошубуз керек.

Жора Сулайманов, “Ачык сөз” гезитинин башкы редактору: «Мүмкүн болушунча жалган маалыматты көбүртүп-жабыртпоону журналисттерден суранды»

— Үч күн мурда Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун пресс-конференциясы өттү. Ага республикадагы омоктуу басма сөз каражаттарынын жетекчилери катышты. Эми ошонун катышуучусу катары эки ооз пикиримди айта кетейин. Алгач кепти буга чейин кандай эл аралык сапарды жасаганы, андагы чечилген маселелерди, дагы кандай орчундуу иштерге басым болуш керектигине токтолду. Албетте, коррупцияны ооздуктоо, аймактарды өнүктүрүү, жумушсуздукту азайтуу, экономиканы көтөрүү, миграцияны ылдыйлатуу, чек ара маселесине көңүл буруу сыяктуу берилген суроолорго колунан келишинче жооп узатты.

Айрыкча маалымат каражаттарына таянуу зарылдыгы бар экенин, ошондуктан пресс-конференция өткөрүүгө ниетин бургандыгын жашырбай айтты. Бийлик менен элдин ортосундагы мамилени бекемдөөдө басма сөз каражаттарынын ролу өзгөчө экендигине токтолду. Мүмкүн болушунча жалган маалыматты көбүртүп-жабыртпоону журналисттерден суранды. Кандай маселе жаралса президенттин иш бөлмөсүнүн эшиги ачык болорун белгиледи. Маалымат кызматын тейлеген бөлүм да оперативдүүлүгүн көрсөтүүгө даяр деген кебин кайталады. Айтор, маалымат каражаттары Жээнбековдун эмес мамлекеттин кызыкчылыгын көздөөсү кажет экендигин таасирлене белгиледи.

Талаш жараткан дагы бир маселени кыстара кетейин. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен болгон мамилеси, анын таасири туурасында да ачык сөзүн ортого салды. Ооба, жыйырма жылдан ашуун убактан бери досчулук байланыштабыз. Ал кишинин жасаган алты жылдагы зор иштерине кайдыгер кароо мүмкүн эмес. Бирок, ич келишпеген маселе чыкса да ыңгайлуу жолун табууга аракет кылабыз. Ток этер жерин айтканда биздин ортобуздагы сый мамилени муздатууга жол берилбейт. Канчалык суук сөзүн узатышса да көз карашыбызга доо кетире алышпайт. Ал эми менин бир туугандарым жардамга муктаж эмес. Алардын өзүнө жетиштүү оокаты бар. Асылбек дагы ишиме кийлигишпейт, антүүгө эч убакта мүмкүнчүлүк бербейм. Мен Кудайдын алдында, элимдин колдоосуна таянып адал ишимди улантам. Мени эл шайлаган соң алардын талабын аткарууга, ишенимине татыктуу болууга бүткүл ынтаамды коём деген айкын кептерин журналисттерге угузду.

Назгүл Мамытова, “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору: «Мен президенттин берген жоопторуна канааттандым, ишендим, үмүт арттым»

— Жүз күндө президенттин иштерине баа бериш өтө кыйын экен да. Ошол тегерек столдо журналисттер тарабынан суроолор көп деле берилген жок. Көбүнчө сунуш, ой-пикирлер айтылды. Ал жерде Сооронбай Шарипович дагы өз ой-пикирин билдирип, баарлашуу болду. Мен президенттин берген жоопторуна канааттандым, ишендим, үмүт арттым. Мурунку президенттин жолугушуусунан бул жолку жолугушуунун айырмасы саясий жактан билинди. Анткени экс-президент Алмазбек Шаршенович саясатчы да. Саясий маселеге келгенде курчураак дегендей. Ал эми Сооронбай Шарипович айыл чарба багытына көбүрөөк басым жасаган, саясат айдыңында калыптана элек экендиги байкалды. Ал эми өзүнүн ишке болгон көз карашы, мамлекет үчүн иштейм дегени, бир туугандарымды аралаштырбайм деп сөз бергени, президентибиз катары айткан кептери мени ынандырды. Жолугушууда соттор тууралуу кеп козголду. Өзү дагы Кабай Карабеков тууралуу сүйлөп берди. Ал ойлонуп жазыш керек болчу деди. Ал жөнөкөй журналист эмес, ал деген саясатчы. Ар бир сөзүнө жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек болчу деп айтты. Мен ал оюна кошулам. Чын эле Кабай Карабеков деген чоң тажрыйбалуу саясатчы, ал Кыргызстандагы эле журналист эмес дүйнөлүк деңгээлдеги журналистикада орду бар киши.

Нурлан Шакиев, “NewTV” телеканалынын директору: «Сооронбай Шарипович “Мени колдогула дебейм, мамлекет, эл үчүн мекенчилдик сезим менен жардам бергиле” деди»

— Бул аябай жакшы жөрөлгө болду. Алты ай же бир жылды күтпөй, жүз күнүндө эле чакырганы символикалык мааниге ээ. Жүз күндө көп деле иш бүтпөйт, бирок көп жакшы иштердин башатын кылса болот. Ошонун негизинде президент да баштаган иштерин айтты. Коррупция менен күрөшүү, региондорду өнүктүрүү жана коңшу өлкөлөр менен ынтымак-ырашкерчиликте иштешебиз деди. Маалымат каражаттарына катуу таянам дейт. Төртүнчү бийликтен бир гана өтүнүч, болгонун болгондой бурмалабай жазсаңар, коомдогу оң- терс көрүнүштөргө күзгү болуп берсеңер, мен дайым силер менен болот элем деген жакшы оюн айтты. Алгачкы жолу жолугушуу болгондуктан жай сүйлөшүү болду. Конкреттүү суроолорго, конкреттүү жоопторго али эрте. Негизинен алганда баарлашуу жылуу маанайда өттү. Мурунку президенттин жолугушуусунан айырмасы өтө чоң, асман менен жердей эле болду. Мурунку президент өтө эмоционалдуу болчу да. Бул киши токтоо, сабырдуу. Негизи эмоция менен сүйлөшкөндө, маанилүү сөз болбойт. Акыл качып кетет. Сабырдуу, жай сүйлөшүүдө акыл калчай турган омоктуу ойлор айтылат. Сооронбай Шарипович “Мени колдогула дебейм, мамлекет, эл үчүн мекенчилдик сезим менен жардам бергиле” деди. Биз дагы президенттин айткандарын туура түшүнүп, албетте жакшы иштерди колдойлу, жаман иштерди ачык айтып туралы дедик. “Эмне үчүн мен Кабай Карабековду сотко бердим? Ал жөнөкөй журналист эмес. Ал саясатчы, бир нече жолу депутат болгон. Чоң саясий кызматтарда жүргөн, керек болсо ал Кыргызстанда эле эмес эл аралык журналистикада орду бар эталон. Мен ушундай даражадагы журналист жалган жалаа жазса жооп бериш керек дегенди далилдегим келди. Себеби, ал жалган жазды. А мен жөн жерден эле соттошо бербейм” деп айтты.

Тилек Рыскулов “Фабула” гезитинин башкы редактору: «Президент “Ушак-айыңдан алыс болуп, керек болсо мени да сындагыла, бирок факты менен” деди»

— Жолугушуу жакшы маанайда өттү. Президент төртүнчү бийликтин өкүлдөрүнө көзү түз экенин көргөздү. Жакшы дух берди. Журналисттер менен бийликтин ортосунда көпүрө болчу жакшы сөздөр айтылды. Президент “Ушак-айыңдан алыс болуп, керек болсо мени да сындагыла, бирок факты менен” деди. Ушакты жактырбай турганын билгизди. Ошол эле учурда журналисттер менен алдыдагы жакшы иш пландары менен бөлүшүп, берилген ар бир суроого орундуу жооп берип, суроо узаткан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да ыраазы болушту. Мага мурунку президент менен азыркы президенттин журналисттер менен жолугушуусунда көп деле айырма билинбеди. Экөөнүн айырмачылыгы аз эле да, бир командадан чыгып аткандан кийин. Бирок бул жолугушуу башкача маанайда өттү. Жөн гана эркин жолугушуу өткөндөй сезилди. Ал эми мурунку кезде массалык маалымат каражаттары менен президенттин ортосунда көшөгө тартылып тургандай сезилчү. А бул жолугушуу ачык-айрым өттү десем болот. Жөн гана пикир алышуу болду. Ал жерде Сооронбай Шарипович белгилегендей, акыркы күндөрдө социалдык изилдөөлөрдүн негизинде эң башкы көйгөй бул жумушсуздук, экинчи орунда коррупция экен. Коррупция боюнча тиешелүү укук коргоо органдарга тапшырма берилгенин айтты. Берилген убакыттын ичинде тиешелүү чараларды көрүп, коррупция менен күрөшпөсө, алар иштен алынарын айтты. Буга чейин дебатта айтпады беле 35 коррупционер бар деп. “Мен анда туура эмес айтып алыптырмын. Отуз бештен да көп экен” деди. Биздин бийликтин бийик сересиндеги чиновниктер кылмыш кылса, бийликтен алып гана тим болбой иш козгосок кандай болот деген менин пикиримди жазып алды. Миграция боюнча маселелерге токтолду. 2018-жылы региондорду өнүктүрүүгө басым жасай тургандыктарын айтты. Сот системасына кайрылды. Кыскасы жолугушуу жакшы маанайда өттү. Президент жөнөкөйлүгүн көрсөттү десек болот.

Даярдаган Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: