Menu

Душанбе Ташкенттен жеңил унаалар үчүн экологиялык төлөмдү жоюуну өтүндү

Бөлүшүү:

Тажикстан менен Өзбекстан жеңил автоунаалар үчүн алынчу экологиялык төлөмдөрдү жоюу мүмкүндүгүн караштырууда. Учурда Өзбекстандын аймагына жеке унаалары менен кирген тажик жарандары экологиялык төлөм катары 46 доллардан 54 долларга чейинки сумманы төлөшөт.

Өзбекстанда башка өлкөлөрдөн кирген автоунаалар үчүн экологиялык төлөмдөр Ислам Каримовдун тушунда киргизилген.

Согди облусунун бажы башкармалыгындагы булактар кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар өзбек чек арасын кесип өтүүдөгү экологиялык төлөмдүн кымбат экенине даттанышкан. Алар ошол эле маалда коңшу өлкөнүн жарандары Тажикстанга киргенде андай төлөмдөрдү төлөбөй тургандыктарын белгилешкен. Буга байланыштуу тажик бажычылары бул төлөмдү жоюу мүмкүндүктөрүн карап көрүү өтүнүчү менен өзбекстандык кесиптештерине кайрылышкан.

Согди облустук бажы башкармалыгынын өкүлү төлөмдү жоюу же азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жакында эле башталганын жана тараптар апрелдин башында бир жыйынтыкка келиши керектигин айтты.

Эки өлкө бийликтери 30 күнгө чейин визасыз кирип-чыгуу макулдашуусуна кол койгондон кийин, тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринде адамдар көп болууда. Бирок экологиялык төлөмдүн айынан тажик жарандарынын көбү чек арага чейин өз унаалары менен келип, Өзбекстандын аймагына такси менен кирип жатканы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: