Документтердеги техникалык каталарды оңдоо үчүн партияларга 48 саат убакыт берилет. Бул тууралуу журналисттерге БШКнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Руслан Изреков билдирди.
Анын айтымында, БШК 24 сааттын ичинде тараптар берген документтерди иликтеп чыгышы керек. Эгерде техникалык каталар табылса, мисалы, паспорттун көчүрмөсү, банктан справка же документтер жетишсиз болсо, саясий уюмдарга кемчиликтерди жоюуга 48 саат убакыт берилет.
Белгилей кетсек, үч партия – “Нур”, “Тартип-порядок” жана “Жашылдар партиясы” шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө документтерин тапшырышкан эмес. Ошондой эле, “Актив” партиясы мыйзамдуу мөөнөттө шайлоо депозитин (5 миллион сом) төлөй алган жок.
Ошентип, 16 партия шайлоо өнөктүгүнө даярданып жатышат.
БШК 10 күндүн ичинде берилген маалыматтарды текшерет. Парламенттик депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 4-сентябрга чейин бүтүшү керек.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ