Учурда БШК тарабынан “Ата Мекенден” ЖКга депутат болуп келет деп айтылган Клара Кабилованын кош жарандуулугу бары же жогу иликтенип жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы качан чыгары азырынча маалым эмес. Белгилуу болгондой Аида Салянованын ордуна депутат болуп келе тургандардын тизмесинде турган Клара Кабиловада орус жарандыгы бар болушу мүмкүн экени айтылып, айрым активисттер аны тактоону БШКдан өтүнгөн. Чынында Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гулнара-Клара Самат болуп алган. БШК Кабилованын чоо-жайын эң сонун билет. Андыктан кош жарандуулукту алган кишиге мандат бербеши керек.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ