“Тазалык” ишканасын башкаруу толугу менен жеке компанияларга берилиши мүмкүн. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында маалым болду.
Депутат Кожобек Рыспаев “Тазалык” ишканасын жеке ири компанияларга берүүнү карап көрүү сунушун киргизди. Эгер ишкана жеке жакка берилсе мэрияга көз каранды болбой өзүнүн атайын техникалары менен иш алып барат.
Эл өкүлү дүйнөлүк практикада мындай ыкма колдонуларын айтып, компаниялар таштандыны кайра иштетүүчү завод да куруп жатышканын белгилейт.
Вице-мэр Бакыт Дуйшембиев “Тазалык” ишканасынын Октябрь районуна караштуу бөлүгү жеке жактарга өткөрүлүп берилгенин кабарлады. Ошондой эле ал, ишкана акырындык менен жеке жактарга өткөрүлөрүн билдирди.
Булак: “Экономика”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ