Menu

Агрардык саясат боюнча комитет “Тянь-Шань форель” балык чарбасынын кайрылуусунун негизинде өлкөдөгү балык чарбасындагы абалды талкуулашты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылында көчмө жыйын өткөрүштү, – Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Көчмө жыйында комитет мүчөлөрү “Тянь-Шань форель” ЖКЧсынын кайрылуусунун негизинде өлкөдөгү балык чарбасына колдоо жаатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттерди талкуулашты.

Алгач эл өкүлдөрү “Тянь-Шань форель” форель өстүрүүчү чарбанын ишмердүүлүгүн кыдырып, таанышып чыгышты.

Аталган чарбанын жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу Түркиядан, Даниядан форелдин икрасын, инкубациядан чыккан чабактарды алып келип, иш баштап, бүгүнкү күндө кышы-жайы дебей инкубация кылып жаткандыгын маалымдады. Форель өстүрүүнүн баардык цикли менен тааныштырган И.Сарлыкбек уулунун айтымында, форелдин чабактарын Кыргызстандын 7 дубанынан келип алып кетишүүдө. И.Сарлыкбек уулу өстүрүп жаткан форелдерине Кыргызстанда балык өстүрүүгө ыңгайлаштырып даярдалган жемди атайын тапшырык менен Татарстандагы завод менен келишим түзүп алдырып турат. Ал эми бул чарба жайгашкан жерди Вознесеновка айылындагы көлмөлөрдү 49 жылга ижарага алып, аны толугу менен тазалатып, ишке киргизген. Бүгүнкү күндө 20 тонна көлөмүндө форель, 300 миңдей инкубациядан чыккан чабактар сатууга даяр турат. И.Сарылдык уулу балык чарбасын мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, экспортко чыгаруу боюнча пландарын ортого салды. Алдыга коюлган максаттарын жүзөгө ашырууга мамлекеттен логистикалык борбор курууга, өндүргөн балыктарды экспорттоого жана балык чарбаларды кеңейтүүгө каржылык колдоо күтүп жаткандыгын жалпы эле балык өстүрүүчү чарбалардын атынан билдирди.

Талкууда депутат Абылкайыр Узакбаев жалпы республика боюнча балык чарбаларынын башын бириктирген бир ассоциация түзүлө электигин тактап, учурда жеке ишкерлер балык чарбасын жолго коюп жатканы менен тиешелүү логистикалык борборлор, лабораториялар жок кантип экспортко чыгара алабыз деген маселени аткаруу бийлигинин астына койду. Ал эми депутат Гүлнара-Клара Самат айтылган маалыматтардан улам Өкмөттө дегеле балык чарбасы боюнча бирдиктүү координация жок экенин билинип калганын айтып, бир гана балык сатууну гана ойлобой, балык майын, балык унун өндүрүү, форель балыгын канча көлөмгө чейин көбөйтүү жана анын экологияга тийгизген таасири жана башка маселелер боюнча стратегиялык программа эмдигиче жоктугун сынга алды. “Бул багытта ассоциация түзүп, стратегиялык план иштеп чыккандан кийин анан өнөржай деңгээлине чыгаруу жагын ойлонуу керек”.- дейт ал.

Өлкө боюнча балык өстүрүүчү чарбаларды, көлмөлөрдү инвентаризациялоо иш-чаралары бүтмөйүнчө толук кандуу программа кабыл алып, ишке киргизүү болбойт. Мындай пикири менен бөлүшкөн депутат Асылбек Жээнбеков Балык чарба департаменти балык чарбаларын бир ассоциацияга бириктирип, балык өндүрүүнүн жолдорун сунушташы керектигин баса белгиледи. Анын пикиринде, балык чарбасына насыя берүүчү мекемелер ички рынокту камсыздоочу жана сыртка экспорттоочу балык чарбалары кылып экиге бөлүп кароосу керек. “Тянь-Шань форель” балык чарбасы дал ушул сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүгүн айтып отурушат. Демек, аларга жетиштүү деңгээлде насыя берүү зарыл. Алардын берген маалыматтарындагы максаттар жүзөгө аша турган болсо өлкөнүн экономикасына белгилүү бир деңгээлде салым кошулат.

Тармактык министрликтин алдындагы Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору У.Мырзакматов азыркы тапта 4 облустагы балык чарбалары инвентаризациядан өткөндүгүн, балык чарбасын өнүктүрүү боюнча программа иштелип бүтүп, тиешелүү министрликтерге экспертизалоого берилгенин маалымдады. Ал эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев “Тянь-Шань форель” форель өстүрүүчү чарбанын жетекчилеринин кайрылуусу жаңы келип түшкөндүгүн, азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров балык чарбасын өнүктүрүү боюнча улуттук программанын жоктугу өтө өкүнүчтүү экенине токтолуп, балык чарбасы жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун ыкчамдатуу зарылдыгын айтты. Муну менен катар А.Назаров мал чарбасын, балык чарбасын насыялоодогу айрым бир чектөөлөрдү алып салуу боюнча өз сунуштарын берди. Анын айтымында, экспортко чыгаруучу өндүрүштөргө Өкмөт жеңилдиктерди берүүгө көңүл буруусу керек.

Жыйынтыгында КР Өкмөтүнө “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын парламентке кыска мөөнөттүн ичинде сунуштоо, жогоруда аталган балык чарбасына Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун көмөк көрсөтүү жана башка бир катар тапшырмалар белгиленген чечим кабыл алынды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: