Menu

Роза Отунбаева «менин Алайлык экенимди тарыхчы Кыяс Молдокасымовдон сураш керек» деп тамашалаптыр

Бөлүшүү:

Роза Отунбаева өткөөл доордун президенти болуп турган 2010-2011-жылдарда Ош облусунун Алай районуна байма-бай каттап турган, айрыкча анын 2011-жылы 7-октябрда Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси белгиленип жатканда Алайга барганы элдин эсинде калды.

Кызматынан кеткенден кийин “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондусунун алкагында да тоолуу Алайдын аялзатын коргогон долбоорлорун ишке ашырып жүрөт.

Ушундан уламбы, айтор жакында өткөн саясый иш чаралардын биринде экс-спикер Ахматбек Келдибеков экс-президент Роза Отунбаевага  “Эже, эми сиз Алайлык эле болуп калдыңыз да. Өзүмдүн эжемсиз да” деп тамашаласа, Роза Исаковна: “Менин Алайлык экенимди Кыяс Молдокасымовдон сураш керек” деп тамашалай жооп бериптир.

Экс-президент Алмаз Атамбаев КТРКнын түз эфиринен “Менин чоң атам Шаму 150 жыл мурун Кокондон Чүйгө келип туруп калган экен” деп жарыялагандан кийин президенттин алдында түзүлгөн “Мурас” фондунан кызмат алган тарыхчы Кыяс Молдокасымов Шаму аксакалды кыргыздын ак сөөк баатырларына айлантып “иликтөө” жазган. Экс-президент Роза Отунбаева мына ушул “иликтөөгө” какшык ыргытып жатканын түшүнгөн иш чарадагылар “дуу” күлүп жиберишет. Дегеле кыргыз коомчулугунун көп бөлүгү бул “иликтөөгө” ирония менен мамиле кылышат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: