Menu

Акча сапырылган жерде “куйругун култуңдатып” жүргөн Кулматов качан жооп берет?

Бөлүшүү:

Деле камырабас адам көрүнгөнү менен ачуусу мурдунун учунда турган Кубанычбек Кулматов калаа башчысы кезинде эле эрке талтаңдыгын көргөзүп, таптакыр иштей албай же иштегиси келбей койгонун кантип унутабыз? Мэр кезинде тоң моюнданып шаардыктардын оюн укканды мындай кой, шаардык кеңештин депутаттарынын сынын дагы тоготпой коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратпады беле. Кезегинде жарытылуу иш жасай албаган Кулматовго ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев дагы жакшы эле: «Иштей албасаң башка жумуш караштыр» – деп катуу эскерткендей болду эле, дээринде жок немеге сүйлөсөң деле сүйлөбөсөң деле бир тыйын дегендей, Кулматов бул сөздү кулагынын сыртынан кетирип койгон. Кызыгы, такушул Кулматов жаңы шаар башчылыгына дайындалып жатканда «шаардагы көйгөйлөрдүн чечилбей жатканы акчанын жетишпей  жатканынан эмес, башкаруудан болуп жатат» дегенин аргасыздан эстеп баш чайкайсьщ. Анан эле Кулматов шаар башчылыгынан кетип, майкөл-сүткөл болгон Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун басып жыгылды. Мына ошондо билдик, айрымдар ар таңда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе айрымдар акчаны сапырып, айлыкты миллион сомдон ашуун алып жаткан өлкө бул Кыргызстан экенин. Факты керекпи, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы кезинде Кулматов Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жатып, депутаттардын «Канча айлык аласыз?» деген суроосуна, «биздин айлыгыбыз коммерческая тайна» -деп боорду эзген. Арийне, Кулматов ал жерден айына 15 миң доллар ай­лык алаары коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Эми болсо Улуттук банкка минди. Бул эргул жалаң акча сапырылган жерлерден куйругун эле култуңдатат? Деги Кулматов Кудайдын сүйгүнчүгү болуу үчүн гана жаралганбы? Ушу тапта анын шаар мэри учурундагы, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондундагы алешемдиктери ачыктала баштады. Эми жооп береби?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: