Menu

Түркмөнстанда унааларды ак түскө боётууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандагы автоунааларды ак түскө боётуу талабы өлкөнүн түндүк аймагындагы Дашөгүз облусуна дагы жетти.

Эки ай мурда бийликтин талабы менен өлкөдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери кара түстөгү унааларын ак түскө боёто башташкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, эми мындай талап Дашөгүз облусундагы бардык мамлекеттик мекеме кызматкерлерине дагы коюлууда.

“8-январда облуста атайын чогулуш өтүп, анда бардык автоунаага ээ мекемелердин жетекчилерине машиналарды февралдын ортосуна чейин ак түскө боётуу талабы коюлду”, – деп билдирди облустук акимчилик кызматкерлеринин бири.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, учурда Дашөгүздөгү автотейлөө жайларында кара жана күңүрт түстөгү унааларын боётууну каалаган адамдардын узун кезеги жаралды. Буга байланыштуу бул кызматтын баасы кыйла жогорулап, бир машинаны боётуу үчүн унаа ээлери болжол менен 8000 манат коротуп жатышат. (Борбордук банктын расмий курсу боюнча 3,5 түркмөн манаты 1 АКШ долларына барабар).

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: