Menu

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дастанбек Жумабеков Нурдинжон Исмоиловдун иш сапары эки өлкө ортосундагы достук жана шериктештик мамилелердин өнүгүшү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

“Эки өлкө менен элдерибиздин ортосундагы түшүнүшүүдө, эки тараптуу колдоодо жетишилген натыйжаны баалайбыз. Мурда макулдашылган келишимдерди ишке ашыруу мындан аркы кызматташтыкты чыңдайт жана эки тараптуу алаканын жаңы өңүттө өнүгүшүнө көмөкчү болот деген үмүттөмүн. Мындан аркы кызматташууда кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө күч жумшашыбыз керек”,-деди Жумабеков.

Дастанбек Жумабеков үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ачылышы болгон Ош шаарындагы кыргыз-өзбек мектебинини курулушу үчүн Өзбекстан тарапка рахмат айтты. Азыркы учурда аталган мектепте 630 окуучу билим алууда. Ошондой эле эки өлкөдө тең ар кандай маданий иш- чаралар активдүү колдоого алынып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулган майрамдык иш- чаралар үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов Кыргызстан тарапка жылуу тосуп алгандыгы үчүн рахмат айтты. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий кызматташтыктын аркасы менен эки тараптуу алака чыңдалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) аракеттеги төрагасы катары Нурдинжон Исмоиловду 20-21-ноябрда Түркия Республикасынын Измир шаарында өтө турган ТҮРКПАнын 8-жыйынына катышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: