Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети комитети КР Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолундагы көчкүдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Жапониянын гранттык каражатына Бишкек – Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта Кыргызстанга 4 млрд 200 млн жапон иени (38,2 млн доллар) көлөмүндө гранттык каражат бөлүнүүдө.
Андан сырткары, тармактык комитет «Жол техникаларын тейлөө мастерскойлорун өркүндөтүү» долбоору боюнча 4 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясында да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ