Menu

Кайрымдуулук фондуна жамынган финансы пирамидасынын айынан 293 жараныбыз 11 млн сомунан кол жууган

Бөлүшүү:

Бишкекте ушундай факт катталганын Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады. Бул финансылык пирамида кайрымдуулук фонду катары иштеп келген.

Бишкектин Свердлов райондук ИИБисине Т.К. аттуу жаран кайрылып, З. А. аттуу аялдын үстүнөн арыз жазган. Көрсө, 2017-жылдын 21-декабрынан 2018-жылдын 17-мартына чейин бул аял ар кандай лекцияларды окуп, тез арада акча табуунун жолун көрсөткөн. Келген киши акча салып, аны үч эсе көп кайтарып аларына ишендирген. Арыз жазган тарап 94 миң сомун берген. Бирок тигил аял качып кеткен.

2018-жылдын 4-июлунда “Шылуундук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда арыздагы З.А. аттуу аял Б.Д. аттуу жардамчысы менен биргеликте финансы пирамидасын түзүп, анысын кайрымдуулук фонду менен жаап-жашырып, Юстиция министрлигине расмий катталып, маал-маалы менен “Биримдик”, “Үмүт”, “Пенисялык долбоор” жана “Азык-түлүк” аттуу программаларды жар салышып, жолугушуу өткөрүп, лекция окуп турушкан.

Алар ишенчээк жарандарды өздөрүнө тартып, алар аталган программаларга өз акчаларын салышкан. Эки айдын ичинде салган акчалары үч эсе көбөйөрүн убада кылышкан да, акырын жоголуп кетишкен.

А.З. жана Б.Д. аттуу аялдардын үстүнөн сот болуп, экөө тең күнөөлүү деп табылып, 5 жылдан эркинен ажыратылышкан.

Жыл башынан бери карай эле мындай пирамидадан 338и уюштурулган. Бардыгы боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: