Элге кыйла таанылып калган эки ырчы айымдын талашы, бири бүтсө бири чыгып коомчулукта чоң талкууну жаратууда. Бүтүп калды экөөнүн чыры деп оозду жабайын десең Анжелика Бекболиеванын маркум “Замандаш” партиясынын жетекчиси Мухтар Өмүракунов менен түшкөн сүрөтү кайрадан элди дүрбөлөңгө салып койду. Бул сүрөткө Анжелика айым Айчүрөк айымды күнөөлөсө, Айчүрөк Иманалиеванын берген жообунда “Мен болбогондо, мындан да катуу уят болоор элең” -деген эки ырчынын жоопторунан кимисинен күнөө кеткенин далилдей албайсың. Бул айымдар өздөрүн кайсы тармактан көрсөткүсү келип жатканын дегеле ортосунда өтөөсүнө чыкпаган эмне талаш бар экенин эл азыркыга чейин түшүнө албай келүүдө.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ