Түркмөнстанда Орусия өндүрүшүнөн чыккан өсүмдүк майы 7 манаттан 8-9 манатка, кумшекер 4,8ден 5,8 манатка кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү медиа кабарлоодо. Тартыштыктан улам, бир кишиге эки килодон гана шекер сатылууда.
Буга чейин “Азаттыктын” түркмөн кызматы кант кызылчасын чогултуу боюнча мамлекеттик план аткарылбай калганын жазган.
Орус жана казак өндүрүшүнөн чыккан ун дагы кымбаттады. Консерва баалары өстү. Жашылча-жемиштин наркы дагы жогорулоодо. Эгер жыл башында картошканын бир килосу 2 манат турса, учурда 3,8 манат. Банан 8ден 12 манатка, алма 10дон 15 манатка кымбаттады.
Бул арада Түркмөнстанда азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүн маал-маалы менен табуу кыйын. Маселен, тоок эти менен жумурка жок. Сырдын көп түрлөрү сатылбай калды.
Баалардын кымбатташы менен түрмөн манатынын куну кетүүдө. Көмүскө базарда 1 доллар 7,2 — 7,5 манатка бааланууда. Расмий курс мурдагыдай эле эки эсеге төмөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ