Menu

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х курултайы аяктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2016-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х съезди өз ишин аяктады. Курултайдын расмий ачылышын Судьялар Кеңешинин Төргасы Дастанбай Айжигитов ачты.

Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Токбаева Айнаш Абдымановна, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Ниязов Фарид Абилезимович, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Алымбеков жана башкалар сүйлөштү.

Фарид Ниязов өз сөзүндө Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаеванын сот тутумунун кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча демилгесин Президент колдогонун белгилеп, жакын арада бул маселе чечилерин билдирди.

Мындан тышкары курултайда Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин беш жыл аралыгындагы жасаган иштери боюнча Судьялар кеңешинин Төрагасы Дастанбай Айжигитов баяндама жасады.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын  Сотторду тандоо кеңешинин Төрагасы Шамарал  Майчиев да кеңири баяндама менен чыкты.

Жарыш сөздү Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин Төрагасы Турсун Алымбеков жыйынтыктады.

Курултайда сыйлык тапшыруу аземи болду. Сот органдарындагы үзүрлүү эмгеги жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле боло турган Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

– Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна, Жогорку Соттун судьясы;

– Жумашов Кабылбек Огонбаевич, Жогорку Соттун судьясы;

– Турганбеков Канатбек, Жогорку Соттун судьясы;

– Чоткараев Эрнис Устабаевич, Бишкек шаарынын Октябрь  райондук сотунун төрагасы;

– Ахмедова Гульсунай Ражаповна, Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун судьясы;

– Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич, Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан «Ардак грамота» менен да сот тутумунун айрым өкүлдөрү сыйланышты:

– Судьялар Кеңешинин төргасы – Дастанбай Айжигитов;

– Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун Төрайымы – Гүлжан Есеналиева;

Жогорку Кеңештин сааты менен:

– Жогорку Соттун судьясы – Сатыбалдиева Нургүл;

– Нарын областтык сотунун судьясы – Сарымсаков Үсөнбек сыйланышты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин Төрайымы Галина Скрипкина менен Комитеттин бөлүм башчысы Султан Бокошов сот реформасын жүргүзүүдө активдүү катышкандыгы жана сот адилеттигинин тутумун өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин булактарды башкаруу башкармалыгынын башчысы Аида Асаналиева көп жылдык жана кынтыксыз эмгеги жана өзүнүн кызматтык милдеттерин ак дилден аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Судьяларды тандоо кеңешинин ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Койлубаев жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын жардамчылары  Аида Бегимбаева, Эрлан Бекишов жана Дастан Хасанов сот реформасын жүргүзүүдө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мындан тышкары, курултайдын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын судьяларынын  курултайынын Регламентине өзгөртүү менен толуктоолор киргизилип, Кыргыз Республикасынын судьяларынын этикасы  каралып, бекитилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин жаңы курамы жана анын резерви аныкталды.

Курултайга сот тутумунун бардык судьялары катышышты: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Коснтитуциялык палата, аскер соту, жергиликтүү соттор жана сот ардагерлери. Жалпысынан 400дөн ашык адам катышты.

Өз учурунда ИДЛОнун (Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм) Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын аймактык директору Фред Хьюстон  Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаевага сот тармагына тиешелүү китептердин жыйнагын тапшырды. Бул китептердин жыйнагы бүгүнкү курултайдын катышуучуларына дагы берилди.

Китептер жыйнагында: Жазык, жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйындысынын кыргыз жана орус тилиндеги экинчи чыгарылышы, Жарандык, жазык, административдик укук боюнча судьялардын дайыма колдонулуучу китебинин кыргыз жана орус тилиндеги экинчи чыгарылышы берилди. Бул окуу-практикалык окуу куралдары IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында даярдалып, басылып чыгарылган. Сиздер үлгүлөрдүн жана китептердин электрондук версияларын бул жерден таба аласыздар: http://jogorku.sot.kg/ky/ky/пайдалуу-адабият

IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасы – бул беш жылдык долбоор, ал 2011-жылдын сентябрь айында башталган. Ал сот системасынын көз карандысыздыгын, натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн ага максаттуу багытталган колдоо көрсөтөт. Бул программа Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) тарабынан ишке ашырылууда. IDLO укуктук маданиятты түзүү менен татыктуу жашоо-турмушту камсыз кылуу максатында өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын аймагында 2005-жылдан тартып ишке ашырууда. IDLO – 30 катышуучу өлкөдөн турган саясий эмес өкмөттөр аралык уюм, ал БУУнун ассоциацияланган байкоочусу болуп саналат. 2015-жылы IDLOнун Башкы ассамблеясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн IDLOго кирүү жөнүндө кайрылуусун жактырган. Кыйла толук маалыматты сиздер www.idlo.int сайтынан алсаңыздар болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: