Ош шаарында такси кызматтары да токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Шаардык мэрия ошондой эле элден көчөгө чыкпоого суранат.
Кечээ, 23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.
Белгилей кетсек, 23-мартта Ноокатта 2 адамдан таажывирус аныкталды, Кыргызстан боюнча таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 16га жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ