Жоон-жолпу, ыңгырана баскан бир «кызыл шапкечен» бар. Мадияр Кулуев аттуу. Учурда Бишкек шаарынын Ленин РИИБсинин начальниги. Өмүр бою чырлашып, ишинен кетсе деле кайра сотко берип, райондук деңгээлдеги кызматынан түшпөй келет. Мулундайт, өжөрлөнөт. Учурда президенттик шайлоого карата шаарда кырдаал курчуп баратканда Мадияр магдыраган бойдон жумушуна деле анчейин берилип иштегенин көргөн жокпуз. Болгону аш-тойлордо, «жыт чыккан» жерлерде гана тампая басып жүрү. Ал эми өзүнүн кызматтык жоопкерчилигин орун басарларына дайындап коймой «оорусу» бар эмеспи, ушундай адаты качан калат деги? А баса, ИИМ системасындагы чоң жыйындар болуп калса эле Кулуев «больничныйга» чыга калып, жоопкерчиликтен качканы неси? Деги мунун оозго алына турган, эл үчүн жасаган кылдай эмгеги барбы? Качанкыга чейин шаардын улам бир районуна милиция башчысы катары секирип, орун которуу менен «майкандап» жүрө берет?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ