“Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда балмуздак жана таттууларды тараткандыгы боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Мындай чечим бүгүн, 22-сентябрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү укук коргоо органдарына таттууларды таратуу паракорчулук болгон-болбогонун иликтөөгө мүмкүнчүлүк беришти.
БШК жалпысынан 64 мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жана прокуратурага жөнөткөн.
Белгилей кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ