Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишимди дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат. Инвестициялык каржынын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл.
Комитет мүчөлөрү Мамкурулуш агенттигине каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу, бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ