Menu

Атамбаев менен Сергей Слесаревдин сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев менен УКМКнын тергөө абагындагы сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирет.

Анын айтымында, иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүнө же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү видеотасмасы бар диск табылганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш иши: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча өтүп жатат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.

Кой-Таштагы иш боюнча айыпталуучулар – депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: