Menu

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу гендер маселесин талкуулоого арналган эл аралык семинарга катышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин депутат-айымдары Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева, Айнура Осмонова Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү менен бирге Вестминстер фондунун Кыргыз Республикасындагы демократия үчүн өкүлчүлүгү уюштарган семинарга катышты. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин депутат-айымдар форумунун башчысы Элвира Сурабалдиева гендердик маселелерди талкулоого арналган иш-чарага кыргыз парламентинин өкүлдөрүн да чакырганы үчүн Вестминстер фондунун өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди. «Жогорку Кеӊештин депутат-айымдар форумунун мүчөлөрү өлкө аймагында болуп, гендердик көйгөйлөрдү чечүү жаатында аракет кылып келет. Аялдар менен балдардын маселелерине арналган мыйзамдар кабыл алынып жатканы менен, аны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу чаралар кечеӊдеп жатат. Ошондон улам, бул багыттагы мыйзамдар толук иштебейт», – дейт ал.

Ал мурдагы депутат Маргарет Патрисия Куран баштаган Улуу Британия парламентинин өкүлдөрү гендердик маселелердин чечилишинде мыйзам алдындагы укук ченемдик актылардын маани чоӊ экенин белгилешип, кыргыз кесиптештерине бул маселени чечүү жаатында өз тажырыйбаларын бөлүшүштү. Андан сырткары, парламенттин көзөмөл иш-милдетин жүргүзүү усулдары менен ыкмалары да талкууга алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: