Кечээ күнү өлкөнүн президенти парламентке келип эл күткөн айкын тилектерин ачыктады. Кырдаалдын өктөм талабын ишке ашырууда кыйынчылыктар жүз берип жатканын, бирок андан чыгуунун реалдуу жолдорун кыймылга келтирүүгө боло турганын баяндаган ажо Сооронбай Жээнбеков татаалдашкан маселелерге кеңири токтолду. Айрыкча сот тармагындагы кыйчалыш көрүнүштөрдүн көп кырдуулугун түшүндүрүүгө ниетин бурду. Депутаттардын, же тарапкерлердин өтүнүчүн аткарууга, камактагылардын соттук иштерине кийлигишүүгө барбай турганын айкын билдирди. Мыйзам баарына бирдей каралышын бекемдеди.
Айрыкча коррупция менен күрөшүү катуу улантыларын, көмүскө байлыктарды менчиктеп алгандарга, жакындарына кыймылсыз мүлктөрүн каттатып койгон эпчилдерге аёосуз кармаш болорун да маалымдап кетти. Элдин ырыскысынын эсебинен байыгандар арабызда баса албай кала турган күн келерин айтканда карапайым калктын жүрөгү эңшерилгени калп эмес. Ал эми бизнесин таза жолго салып, салыгын убагында төлөгөн ишкерлерге тоскоолдуктар жаралбасын да кесе айтты. Ар кандай тескери пикир жараткан көрүнүштөрдүн кесепети инвестиция тартууга кедерин тийгизгенин да өкүнүч менен парламенттеги кайрылуусунда билдирди. Чиеленишкен башка көйгөйлөрдү кантип оң жолго салуу керектигине да олуттуу көз караштарын кыраатына келтирди. Азыркы катаал кезде кыргыз мамлекетинин бийиктешине негизги таяныч катары бааланган элдин биримдиги, бекем ишеними зарыл экенин ажобуз баса көрсөттү.
Булак: Ачык сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ