Menu

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 1-августта кабарлады. Текебаев ооруканага дарыгерлердин сунушу менен которулган.

– Текебаев өзүн жаман сезип, саламаттыгы оорлоп кеткени үчүн эмес, дарыгерлердин сунушу менен которулду. 31-июлдан тартып текшерүүлөр башталды. Ошонун негизинде дарылануусун улантат. Азырынча конвой менен ооруканада болот.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну анын үй-бүлөсү өтүнгөн.

Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар “анын ден соолугу жакшылап текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууга кол топтошкон.

Текебаев “Мегаком” чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга “орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: