31-декабрда Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жалгыз жүргөн эки жашар кыздын өздүгү аныкталганын 9-январда Ош ИИбисинин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыздын аты – Мария экен, 2018-жылы туулган. Энеси Баткен облусунда туулган. Энесинин изине түштүк. Жакында табылат”, – дешти милиция кызматкерлери.
Азыр эки жашар кыз Ош шаарындагы бөбөктөрдүн убактылуу жайында каралып жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ