Menu

Меккеде түркмөнстандык зыяратчы каза болду

Бөлүшүү:

Сауд Арабиянын Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөн түркмөнстандык зыяратчылардын бири каза болду. Бул тууралуу түркмөн тилдүү «Азатлык» радиосунун сайты өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Бул Түркмөнстан эгемендүүлүк алгандан бери ажылык сапарда жүргөн түркмөн жараны каза болгондугу тууралуу маалымат элге жарыяланган алгачкы учур.

«70 жаштагы мугалим Меккеге барган күндүн эртеси каза болду. Ал Дашөгүз облусунун Конеургенч шаарында жашачу. Карыя ошол эле күнү бешим намазынан кийин Меккеде жерге берилди», – деди басылманын булагы.

Анын айтымында, Түркмөнстандын расмий адамдары каза болгон жарандын тажиясын видеого тартып, тасманы туугандарына жеткирип беришти.

Жыл сайын Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгы менен «Туркменховаеллары» авиакомпаниясы өз эсебинен түркмөн зыяратчыларын Сауд Арабиясына жеткирип турат.

5-августта өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги быйыл Мекке менен Мединага ажылык сапарга 153 зыяратчы бара турганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: