Menu

Кыргыз Республикасынын Конституциясы туурасында учкай кеп

Бөлүшүү:

Жалпы жумурай журтка маалым болгондой, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү болуп жарыялангандан бери арадан 19 жыл өттү. Дал ушул күнү көз карандысыз өлкөбүздүн Конституциясы кабыл алынган. Ошол мезгилден тартып кулагыс сезилген көп нерселер өзгөрүп кетти, анын ичинде баш мыйзамыбыз болгон Конституциянын өзү дагы бир канча жолу өзгөрдү. Конституция демекчи, эч бир мамлекетте, эч бир элде өлкөнүн Баш мыйзамын биздегидей өзгөртүүгө дуушар кылышпаса керек. Ушул биз айткан мезгилдерде Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Баш мыйзамы канча жолу референдумдар аркылуу канча жолу оңолуп-түзүлбөдү. Канча жолу талаш-тартышка түшүп, кыл чайнашкан талкууга алынбады. Ошого карабастан, канчалык оңолуп, канчалык түзөлгөн сайын Баш мыйзам, ошончолук канат-бутагы тонолду, үстүндө үйрүп алган кийими жок «карыптын» кейпин кийди десек да болот.

Дегеле Конституция кимге, эмнеге кызмат кылышы зарыл? Президенткеби, өкмөт башчысынабы, парламенттин төрагасынабы, же элгеби? Конституция эмне десе, аны бийликти бөлүштүрүү деп түшүнгөндөр чоң жаңылыштык кылышат! Конституция — бул албетте бийлик бөлүштүрүү эмес, Ал — мамлекеттин кандай мамлекет экенин аныктаган күзгүсү. Өлкөнүн келечегин, мамлекеттин болочогун көрсөтүп, аныктап турган багыт, жол көрсөткүч. Конституция бир адамдын, же бир үй-бүлөнүн, же кайсы бир топтордун, саясый партиялардын менчиги болуп калганда, ал элдик болуудан калаарын баарыбыз жакшы билебиз.

Өлкө президенти таасын белгилегендей «демократиялуу өлкөдөгү Конституциянын негизги милдети ар бир жарандын укуктарын гарантиялоо болуп саналат. Эң жөнөкөй адамдык укуктарды: жашоого жана анын коопсуздугуна; турмуштун сапатына — электр жарыгына, жылуулукка, турак-жайга, тамак-аштын, саламаттык сактоонун жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө; ресурстарга — сууга жана жерге, шайлоо жана тандоо укугуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө. Мына ушул укуктар алгачкы ирет колдонуудагы Конституцияда формалдуу эмес, дыкат жана негиздүү түрдө жазылган. Өлкөбүздүн тарыхында гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагында алгачкы ирет киргизилген. Бул жагдай эл аралык эксперттер жана Венеция комиссиясы тарабынан дагы белгиленген. Жарандар укуктары бөлүгү жарандык коомдун, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыгып, бышыкталган. Жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституциянын текстине мына ошолордун редакциясында, саясий лидерлер жана өкмөт тарабынан кандайдыр бир оңдоп-түзөтүүлөрсүз киргизилген».

Ооба, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1993-жылдын 5- майында Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган. Ошол мезгилден баштап, Кыргызстан Республикасы — Кыргыз Республикасы деп аталып, 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкондугун биз жакшы билебиз. Бирок андан бери бир канча жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, беш жолу кайрадан түп орду жазылып чыкты (2003-ж. февралда, 2006-ж. ноябрда, 2006-ж. декабрда, 2007-ж.). Акыркы жолу 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин кайрадан жазылды.

Дегеле «Конституция» деген сөз өзү эмнени түшүндүрөт? Конституция — латындын «konstitutio» сөзүнөн алынып, «орнотуу» деген маанини билдирет. Көпчүлүк учурларда, биз конституция терминин мамлекеттин негизги мыйзамы, анын коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү тандап алуу (шайлап алуу эмес) системасын, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын ишин жөнгө салуу принциптерин, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин аныктаган документ деп түшүнүп жүрөбүз. Ал эми «мыйзам» деп элибиз жаратылыш тарабынан аныкталган, адам өзгөртө алгыс эрежелерди, нормаларды аташкан.

Конституция деген сөздүн ошол эле латын тилинде түзүү, куруу дегенди билдирген алгачкы мааниси да бар. Мисалы, «адамдын конституциясы» деген түшүнүк анын белгилүү бир табигый жана коомдук шарттардан улам калыптанган жекече физиологиялык жана анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн топтомун билдирип, анын ар түрдүү тышкы чөйрөнүн таасирине карата жасаган мамилесин, реакциясын туюнткан. Айбандын конституциясы деген түшүнүк — алардын тышкы чөйрөнүн таасирине болгон реакциясын аныктап турган организминин жалпы түзүлүшүн билдирген.

Аталган мааниде алганда, Конституция элибиздин тарыхый өнүгүү жолунда тышкы таасирлерге карата иштеп чыгып, колдонуп келе жаткан реакциясы, анын рухий-практикалык жашоо-турмушу деп койсо болот. Ошондой эле, аны элди ичинен да, сыртынан да калкалап-сактап турган эреже-талаптардын топтому деп түшүнүү да керек. Бир катар мамлекеттерде Конституциянын ролун жана функциясын дин, дагы бирөөлөрүндө каада-салттар, экинчилеринде укук, коомдук келишим аткарып тураары маалым.

Конституция өзү биздин баш мыйзамыбыз деп аталып, укуктук документтердин төрөсү катары каралат. Ал эми жашоо-турмушта укуктан жогору, бийик турган дөөлөттөр да бар. Алар — адилеттик, ар- намыс, акыйкаттык, каада-салт ж. б.у.с. Ыймандык-адептик эрежелер элди эл кылып, уюштуруп, сактап турган түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс рухий- маданий дөөлөттөргө кирет. Эл нарк-насил менен жашап, каада-салтты сактап, дөөлөттөргө таянып өнүгүп турат.

Демек, Конституция карандай интеллектуалдык акыл-ойдун, укуктук илим-билимдин бийик сересин чагылдырган кынтыксыз документ деп караган күндө да, ал баары бир бүгүнкү күндүн акыл- эсинин фактысы болуп кала берет. Ал, баары бир эртеңки, келечектеги турмушту тескеп турууга дармансыз келет, акыйкатта ага анын чамасы да, мүмкүнчүлүгү да жетпейт. Себеби, жашоо-турмуш дайыма кубулуп, жаңыланып, өзгөрүлүп турат эмеспи. Бүгүнкү эрежелер, нормалар эртең эскирип калат. Андыктан, аны улам жаңылоо, оңдоп- түзөтүү көйгөйү ургаалдуу бойдон кала берет демекчибиз.

Адабияттар:

  1. 2016-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин куттуктоо сөзү.
  2. Кыргыз Республикасынын 1993-жылдагы Конституциясы.
  3. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы Конституциясы.
  4. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясы.

А.К Джаркымбаева,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Философия жана Саясий Укуктук Изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери.

Замира Калыбек кызы,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Философия жана Саясий Укуктук Изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: