Menu

КРнын өкмөт башчысы С.Ш.Жээнбековго Бөкөнбай Боркеевден соболдор

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай мырза! Мамлекеттик башкаруу жаатында бир топ такшалып, өкмөт башчы катары чечкиндүү кадамдарга барып жатканыңыздан улам ашкере кыйкымчылдар менен кыянатчылардын айынан чечилбей жаткан айрым көйгөйлөрдү айта кетүүнү эп көрүп турам.
Эстелик-айкелдер тарыхыбыздын көрсөтмө дөөлөттөрү катары көөнөрбөс эскертич болуп кылым карыта жашап, урпактарга таалимчил кызмат кылары калетсиз. Кеп ошол улуу инсандардын айкели элге канчалык кызмат кылганы, демек беделине жараша ылайыктуу жерге орнотулбай, айрымдары болсо бир ууч аткаминердин амири менен ашкере аземделип, айкел ээлерин айкын билбеген кийинки муун алардын кандай материалдан, кандай көлөмдө жасалганына, каерге кандай шөкөттөп коюлганына жараша баалап, урпактардын сезиминде жасалма эс тутум калат. Көөнө тарыхыбыз ошентип бурмаланып отуруп, азыр байыркы элдин баш-аягын таппай убарабыз. Азыр техниканын жетишкен маалында да айрымдарды итине чейин тасмага тартып калып, Апенди эшегин мактагандай мактап отуруп, дөөнү шаа кылып көрсөтүп жатышат. Ошонун баары акчанын жана аптиреттин күчү менен болуп жатканын билүү кыйын эмес.

Мен энциклопедияды иштеп, ар бир үтүр, тамга, сап, сүйлөм, көлөм макаланын маанисининен өтүп, саясатка айланып кеткенин билем. Ошон үчүн айкелдер да ой келди орнотула барбей, ушундай талаптарды сактаганы ылаажы. Алыс барбай эле филармониянын алдындагы Манастын айкелин алалы. Бир кезде манас таануучу Самар Мусаев айткандай: “кырчаңгы минип алып” турат. Муну темир жол бекетинин алдындагы Фрунзенин алчыланган айгырынын турпатынан улам арданып айткан. Анын үстүнө баш калаадагы эстеликтердин баарынын турпатын Тургунбай Садыков каяктан өөнөп алганын учурунда өнөр таануучу Сарман Асанбеков “Кыргызстан маданияты” гезитине келиштире жазып, ошол уу-дуунун акыры ага Эл Баатыры деген наам берүү менен аяктаган учур эле. Азыр атына заты, тескерисинче, затына аты жарашпаган айкелдер калаанын кадырын кетирип, урпактарды урду-берди бүтүмдөргө кириптер кылууда.

Тиги Нариман Түлеев шаар башы кезинде борбордук аянтка Тургунбай Садыковдун студенттери белендеген калмак каармандардын эстеликтерин койдура коем деп шермендеси чыккан. Маданият мыкчегерлери ошондон да сабак албады го, чиркин! Чыңгыз Айтматовдун айкелин Киев көчөсүнө орнотобуз деп кеп чыкканда, мен маданият министри Султан Раевге кирип, Султан палван, Ала-Тоо кинотеатрынын артында Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры, андан бери Айтматов атындагы эс алуу багы турат, ушул экөөнүн ээси катары Айтматовдун айкелин ооз жагындагы Курманжан датканын ордуна орнотуп койсо туура болбойбу!? Анын алдына Айтматов окууларын, китеп базарларын, өнөр майрамын өткөрсө болбойт беле!? Курманжан датканы болсо эчак кызматын өтөп бүткөн Фучик паркына же ага караганда бизге анча тиешеси жок Ататүрктүн ордуна, болбосо Маданият министрлигинин алдындагы мамлекеттик ишмерлердин катарына койсо жарашпайбы дегем. Дың деген жок. Ошондо эле ЮНЕСКОго “Манасты” каттатпай Кытайга алдырып ийгенден кийин кыргызга боор тартпай турганын билип гезитке да жаздым. Эч ким элес албады.

Үч ирет министр болду, ошондо Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын капталында, орустар айткандай, “горшокто отурган” Токтогулдун, бет маңдайында операнын эмес, адабияттын атасы Аалы Токомбаевдин, андан итапкан алыста театрга таарынгансып кыбыланы караган Чолпонбек Базарбаевдин эстеликтери турат. Ал эми опера-балет театрынын атын алып жүргөн Абдылас Малдыбаевдин, филармониянын атын алып жүргөн Токтогулдун эстеликтерине жанынан орун табылбай калган. Өкмөт үйүнүн батыш ыптасындагы сейил бакка эмгек сиңирген артист Таттыбүбү Турсунбаеванын айкелин орнотуп, анын ысымын берип, 70 жылдык мааракесине карата өнөр майрамын өткөрүштү эле, баары куп жарашып турду. Обон пири Рыспай Абдыкадыровго “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш ыптасынан орун берип койсо, ыр майрамы ошо тегеректе өтүп калмак. Сөөктүн ордун которбойт деп шылтоо кылышса, зарылдыгы болгон экен, Раззаковдун сөөгүн деле Маскөөдөн апкелбедикпи. Анын жанында айкелдер таш го. Анын үстүнө канча балбал ташты Манас күмбөзүнүн жанына котордук. Мисал толуп атыры.

Айтматовдун төгөрөгү (пропорциясы) төп келбеген айкелин чаң баскан Киев көчөсүндөгү асман тиреген кош имараттын колтугуна короолу чымчыктай корголотуп коюп койду эле, же анын жанындагы эки орундукка чаң менен ышты жыттап эч ким отурбайт. Же ал байкуш айкелдин чаңы менен заңын маалында сүртүп турушпайт. Киевде кыргын жүрүп жатса, анын атындагы көчөнү алиге аздектеп же ошерде турган Айтматовго атын ыйгарып коюуну ыраа көрбөйбүз. Анан калса, ызы-чуулуу көчө боюна чет элден келген сыйлуу коноктор да көп турбайт экен. Айтор, айта берсе арман көп. Ошондуктан Сооронбай мырза, совет эли аталып тукум курут болуп кетерде жеткен эгемендигибиздин үзүрүн көрүп, көшөкөрлөнө кое берген аттар менен заттарды (эстеликтерди да) элибиздин энчине айландырып, бир эрдик кылып ушу кыйчалыштарга чекит коюп коюңуз.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: