Menu

Көмүрдүн баасынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу КР Өкмөтүнүн атайын токтому даярдалып, жөнгө салынат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеӊеште 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо маселеси каралып жатат. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, быйыл кышка даярдык өз деӊгээлинде болду. «Кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджетте 3 млрд 41 млн 700 миӊ сом каралса, азыр 2 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилди. Быйыл “Токтогул” ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык. Жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен бирге, ушу тапта Казакстандан да көмүр келе баштады», – дейт ал.

Суроо-жооп маалында депутат Төрөбай Зулпукаров маалыматтан улам Казакстандан келүүчү көмүр маселеси чечилгенин белгилеп, жергиликтүү көмүрлөрдүн баасына токтолду. Эл өкүлү ташып келүүгө күйүүчү майдына баасы кымбаттабагандан кийин эмне үчүн быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жаткандыгын сурады. КР вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев көмүр кендеринде дагы баа былтыркыдай эле белгиленгендигин айтып, сатылып жаткан көмүрдүн баалары болушунча төмөндөтүлөөрүн билдирди. Депутат Кожобек Рыспаев Казакстан менен кырдаал ар кандай болуп калган учурларда, ага даяр болуп көмүр тартыштыгы болбогондой, жергиликтүү көмүр менен камсыз кылгандай даяр туруубуз керек дейт.

Депутат Аида Салянова кышы катаал Нарын облусунда калктын электр кубатын пайдалануудагы 70 тыйындан төлөнүүчү 700 кВаттык жеңилдиктин ордуна каралган 1000 кВаттын бул аймакка жетишсиздигин баса белгиледи. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул маселе дагы каралып жатканын жооптоду.

Ал эми депутат Аалы Карашевдин суроосунан кийин республиканын аймактарында көмүрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат сатылып жаткандыгы, ага спекулятивдик фактор дагы себеп болуп жаткандыгы айтылып, көмүрдүн баасынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу КР Өкмөтүнүн атайын токтому даярдалып, жөнгө салынаары белгилүү болду.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү жер-жерлердеги бала-бакчалардын, мектептердин кышка даярдыгын такташууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: