Бакиев Закиржондун маалында тайраңдап, кийин кылмыш иш мойнуна илинери менен өлкөдөн чыга качкан Нурлан Сулайманов бир нече жыл сыртта тентип жүрүп, күтүүсүз жерден былтыр келип калганына күбө болгонбуз. Эл аң-таң болуп, эмнеге «кармалбайт, камалбайт» деп шыпшынган. Бүгүнкү күнгө чейин уу-дуу токтой элек. Чынын айтыш керек, кадимкидей көлөкө түшүрүүдө. Президенттин түз саясатынын негизинде элдин пикири менен эсептеше баштаган бийлик өкүлдөрү бул эргулдун ишин жакында кайра жандандырып, карай турганы кеп болууда. Себеби, негизсиз токтотулган иштер кайра каралсын деген тапшырма Президент тарабынан берилген. Эгер андай иш башталса бул Сулайманов кайра качабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ