Саламаттыкты сактоо министрлигин Талантбек Батыралиев мыкты жетектеп жаткан. Албетте, азыркы министр Чолпонбаевге салыштырмалуу. Батыралиев дары-дармектер тармагындагы коррупцияга да тиш салып, далай жемкордун кекиртегине коко тикендей сайылып, тыкыр күрөш жүргүзүүгө аракеттерин жасады. Азыр эми Космосбек Чолпонбаев деген таш көчүк областтык ооруканаларды текшергенди мындай кой, кабинетинен алыс чыга элек. Бул киши ооруканаларды ирээтке келтирип, аңы имарат куруп, медицинаны өйдөгө көрмөк турсун эң эле жөнөкөй ооруканалардын оозунда сатылып жаткан бир колдонуп ыргытылуучу «бахилди» бекер кылганга жарабайт . Айтмакчы, мыйзам боюнча төрөт бекер, бирок силер бекер төрөтпөйсүнөр. Төрөт үйүндө-коррупцияны жоюуга качан аракет көрөсүз?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ