Режиссёр Бекзат Пирматовдун «Аврора» тасмасы Түштук Кореянын Бусан шаарында өтүүчү эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Фестиваль 12-21-октябрь аралыгында өтөт. Анда 250дөн ашуун тасма көрсөтүлөт. Аталган кинолордун 1/3 бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат.
Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар жана 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Бусан кинофестивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ