«The diplomat» журналы Өзбекстанда эл менен бийликтин ислам динине карата мамилесин талдаган. Өзбектердин басымдуу бөлүгү өзүн кылымдардан бери эле мусулман деп эсептеп келишкен. 1990-жылы эгемендикке жеткенден кийин Ислам Каримовдун бийлиги динди ар дайым ооздуктап келди. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин исламды кармангандарга эркиндик берүүнү чечти. Мечиттерде үн күчөткүчтөр менен азан айтууга уруксат берилип, Каримовдун бийлиги камаган диний кыймылдардын ондогон өкүлдөрү эркиндикке чыкты. Анткен менен авуст айынан тарта билим берүү тармагында салттуу исламды тутунгандар кайрадан катуу көзөмөлгө алынганы социалдык медиада талкууланып жатат. Себеби мектептер менен окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салынды. Бийлик салттуу ислам менен секулярдык исламдын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатканы турган иш. Себеби бийлик консервативдүү исламчылардын идеялары өлкөдө туруксуздукту пайда кылчу кырдаалды жаратат» деп кооптонууда.
«Айрым диний активист аялдардын камакка алынуусу, аша чапкан имамдардын иштен айдалуусу «жаңы» Өзбекстандын исламга карата шексинген көзөмөлчүл мамилесин көрсөтүп жатат» деп жазды басылма.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ