Бишкекте 18-21-октябрь күндөрү «Челленджер» залында бокс боюнча эркектер арасында шаар биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу мелдештин башкы катчысы Айнура Сыдыкова билдирди.
52 кг Туркбай уулу Мирлан
57 кг Жаныбек Мусаев
63 кг Кадырбек уулу Арген
69 кг Дамирдин уулу Данияр
75 кг Бекжигит уулу Өмүрбек,
81 кг Адылбек уулу Эркин
91 кг Токтосун уулу Бекболсун
91 килограммдан жогорку салмакта Сталбек Карасартов аттуу мушкерлер өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп жеңүүчү аталышты.
Шаар биринчилиги 69-мушкердин катышуусунда өттү. Жеңүүчүлөр медал, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мелдештин башкы максаты- алдыда өтө турган Кыргызстандын чемпионатына катышуу үчүн курама команданы толуктоо болду.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ