Бүгүн, 24-октябрда саат 05:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү жол-транспорт кырсыгынан 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Таң эрте «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Куткаруучулар кырсыктын кесепетинен жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ