“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун кызматкерлери 15-октябрь шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул туралуу уюмдун пресс-кызматы маалымдады.
“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун кызматкерлери 15-октябрь шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул үчүн аталган коомдун 570 кызматкери тартылды. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому областтагы 411 шайлоо тилкелерин тейлейт. Ар бир шайлоо тилкесине бирден электр монтеру бөлүнгөн, шайлоо тилкеси өз ишин аяктаганча нөөмөттө турат. Үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Мындан сырткары атайын 65 мобилдик тайпа иш алып барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ