Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен Акылбек Жамангулов Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчиси болуп дайындалды.
Буга чейин аталган компанияны Азат Базаркулов жетектеп келген жана анын айлык эмгек акысы $10.000. экени ММКларда көп жазылды.
Акылбек Жамангулов 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кенешке депутат болуп шайланган.
Акылбек Жамангулов 1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында туулган. Депутаттыкка чейин бизнес менен шугулданган.
Үй бүлөлүү эки баланын атасы.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ