25-октябрда, Мьянмада Miss Grand international сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Парагвайлык Клара Соса ал дүйнөлүк сынактын жеңүүчүсү деп жарыялангандан кийин эс-учун жоготуп, жыгылып калган. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар маалымдоодо.
You Tube тармагына жүктөлгөн тасмадан сынактын эки катышуучусу кол кармашып жыйынтыкты күтүп турганын көрүүгө болот. Парагвайдын өкүлүнүн жеңиши тууралуу жарыядан кийин Соса эсин жоготуп кулап түшкөн.
Бираз убакыттан кийин гана жеңүүчү эсине келип, сынактын сыйлоо салтанатына катышууну улай алган.
Miss Grand International – “Дүйнө Сулуусу”, “Аалам Сулуусу”, “Мисс Интернешнл”, “Мисс Супернешнл” сынактары менен тең деңгээлде өткөрүлүүчү сынак.
https://www.youtube.com/watch?v=Ihv4W37zmb4
Кыргызчалаган KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ