Menu

Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 47 млрд 700 млн сомду түздү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 47 млрд 700 млн сомдон ашкан, мындайча атканда, ал 2015-жылга салыштырмалуу 3 млрд 19 млн сомго көптүк кылат же киреше ички дүӊ өнүмдүн 9,8 пайызын түзөт. «Ал эми 2016-жылдын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 26 млрд 558 млн сомго жетти», – дейт ал.

Бир катар депутаттар баштаган бир катар эл өкүлдөрү азыркы учурдагы пенсиянын эӊ жогорку жана эӊ төмөнкү чегине кызыкты. Соцфонд башчысынын жообунан улам, ушу тапта Кыргызстанда 1009 адам 20 миӊ сомдон жогору пенсия алып жатканы, пенсиянын орточо өлчөмү 5520 сомду түзөрү, пенсия өлчөмү камсыздандыруу төгүмүнө жараша чегерилери, ал эми пенсионердин жашоо керектөөсү 4304 сом экени белгилүү болду.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү мугалимдердин пенсиясынын өлчөмүнө кызыгышты. Соцфонддун жетекчиси 30-40 жыл эмгек стажы бар мугалимдер пенсияга орто эсеп менен 2500 сомго чыгарын, бул алардын 2000-жылга чейинки эмгек акысынын аз болгону менен түшүндүрүлө турганын, акыркы мезгилде алардын маянасы көбөйүп жаткандыктан, бара-бара мугалимдердин пенсиясынын өлчөмү да жогорулай турганын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: